Темир канат
Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз…Учурдун жаш комузчулары кимдер?
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин "Темир канат" долбоору маданиятка жана спорт тармагына салымын кошуп, өлкөнүн атын алыска таанытып жаткан жаштарды элге таанытууга арналган.

Бул жолу үч кыл менен жан дүйнөнү эргиткен жаш жана төбөсү көрүнүп калган комузчуларды тааныштарыбыз.
Ибраева Перизат Шаршеналиевна
1988-жылы 21-октябрда Бишкек шаарында төрөлгөн.

Үй-бүлөсү тууралуу:
Атасы Шаршенаалы Ибраев 1965-жылы туулган, кесиби курулушчу. Апасы Дилбара Молдокулова 1969-жылы туулган, үй кожойкеси. Перизат — үч бир туугандын улуусу.

Жеке жашоосу:
Үй-бүлөлүү, бир кыздын энеси.
Билими:

2007-жылы — Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти аяктаган;

2012-жылы — Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын салттык музыка жана фольклор бөлүмүнөн билим алган.

Жетишкендиктери:

2011-жылы — Эл аралык "Ысык-Көлдө кадыр түн" конкурсунда I орун;

2011-жылы — республикалык "Тогуз кайрык" фестивалында III орун;

2012-жылы — Карамолдо Орозов атындагы республикалык конкурста II орун;

Республикалык жана эл аралык конкурстардын жеңүүчүсү, активдүү катышуучусу.

Устаты — Эл агартуунун отличниги, маданияттын мыкты кызматкери, Ирина Суеркулова

Учурда — Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин солисти. Калый Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториясында окутуучу.

Таалайбекова Гүлшан Таалайбековна
1993-жылы 23-сентябрда Бишкек шаарында төрөлгөн.

Үй-бүлөсү тууралуу:
Апасы Кенжеайым Акимжанова 1970-жылы туулган, кесиби дарыгер. Гүлшан — үч бир туугандын экинчиси.

Жеке жашоосу:
Турмушка чыга элек
Билими:

2011-жылы — Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти аяктаган;

2016-жылы — Калый Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториясынын эл аспаптар факультетинин комуз бөлүмүн артыкчылык диплом менен бүтүргөн.

Жетишкендиктери:

2015-жылы — маданиятка жана искусствого кошкон салымы үчүн "Токтогул-150" коомдук фондусу тарабынан ыраазычылык диплом;

2016-жылы — Тарых жана маданият жылынын алкагында салттуу музыка күнүнө карата уюштурулган таймашта III даражадагы диплом;

2015-жылы — СССРдин Эл артисти Самара Токтакунованын 70 жылдыгына арналган кароо-сынакта III даражадагы диплом;

2009-жылы — президенттик "Прелюдия" стипендиясынын стипендианты;

2010-жылы — президенттик "Прелюдия" стипендиясынын стипендианты;

2015-жылы — КРдин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ардак грамотасы;

2015-жылы — КР президентинин грамотасы, президенттик стипендиянын стипендианты;

2017-жылы — Түрк тилдүү элдердин арасында өткөн эл аралык "Коркыт жана Улы дала сазы" фольклордук-музыкалык фестивалында катышкандыгы үчүн диплом;

Республикалык жана эл аралык конкурс-фестивалдардын лауреаты, активдүү катышуучусу.

Устаты — Эл агартуунун отличниги, маданияттын мыкты кызматкери, Ирина Суеркулова.

Учурда — Бишкек мэриясынын алдындагы "Акак" комузчулар ансамблинин солисти. Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда жана Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектебинде комуздан сабак берет. Эл аралык "ТҮРКСОЙ" уюму уюштурган оркестрдин мүчөсү.

Мелисбекова Чолпон Мелисбековна
1993-жылы 9-октябрда Чүй облусунундагы Жайыл районунун Кара-Балта шаарында туулган.

Үй-бүлөсү тууралуу:
Атасы Мелисбек Акматбеков 1969-жылы туулган, Чолок-Арык орто мектебинин директору. Апасы Жылдызкан Асанакунова 1971-жылы туулган, кесиби мугалим. Чолпон — эки бир туугандын улуусу.

Жеке жашоосу:
Үй-бүлөлүү, бир уулдун энеси.
Билими:

2011-жылы — Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти аяктаган;

2016-жылы — Кыргыз улуттук консерваториясынын комуз бөлүмүн артыкчылык менен бүтүргөн.

Жетишкендиктери:

2004-2005 — республикалык "Жаш талант" конкурсунун жеңүүчүсү;

2007-2008 — Эл аралык "ARS POLONIA" конкурсунун биринчи даражадагы лауреаты;

2010-жылы — Эл аралык "Ысык-Көлдө кадыр түн" конкурсунун жеңүүчүсү;

2012-жылы — президенттик "Прелюдия" стипендиясынын стипендианты;

2013-жылы — маданиятка жана искусствого кошкон салымы үчүн Бишкек мэриясы тарабынан Ардак грамота менен сыйланган;

2013-жылы — Казакстанда өткөн эл аралык "Дельфи оюндары" конкурсунда III орун;

2014-жылы — Эл аралык "Сураджкунд" фестивалынын дипломанты;

2014-жылы — Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата өткөрүлгөн эл аралык "Тамыры бир байтерек" фестивалынын дипломанты;

2016-жылы — Эл аралык "ТҮРКСОЙ" фестивалынын дипломанты;

Республикалык жана эл аралык конкурс-фестивалдардын лауреаты, активдүү катышуучусу.

Устаты — Эл агартуунун отличниги, маданияттын мыкты кызматкери, Ирина Суеркулова.

Учурда — Бишкек мэриясынын алдындагы "Акак" комузчулар ансамблинде эмгектенет. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте мугалим.

Назырымбекова Нурпери Космосбековна
1994-жылы 13-январда Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" конушунда туулган.

Үй-бүлөсү тууралуу:
Атасы Космосбек Назырымбеков 1961-жылы туулган, кесиби инженер-механик. Апасы Съездбүбү Султантороева 1966-жылы туулган, жеке ишкер. Нурпери — эки бир туугандын улуусу.

Жеке жашоосу:
Үй-бүлөлүү, бир уулдун энеси.
Билими:

2011-жылы — Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти аяктаган;

2016-жылы — Калый Молдобосанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясындагы салттуу аспаптар бөлүмүн аяктаган.

Жетишкендиктери:

2006-2007-2008 — Эл аралык "Satsuki" конкурсунда I орун;

2007-2008 — Польшада өткөн "Ars polonia" конкурсунда ардак грамота;

2011-жылы — Польшада өткөн "Sabalowe Bajania" конкурсунда диплом;

2012-жылы — президенттик "Прелюдия" стипендиясынын стипендианты;

Республикалык жана эл аралык конкурстардын жеңүүчүсү, активдүү катышуучусу.

Устаты — Эл агартуунун отличниги, маданияттын мыкты кызматкери Ирина Суеркулова

Мамбеталиев Ренат Кубанычбекович
1989-жылы 10-октябрь Чүй облусундагы Сокулук районунун Дөң-Алыш айылында туулган.

2005-жылы — Бишкек шаарындагы №73 орто мектепти аяктаган;

2017-жылы — Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын кыргыз эл аспаптар бөлүмүн аяктаган.

Үй-бүлөсү тууралуу:
Атасы Кубанычбек Мамбеталиев 1968-жылы туулган, уста. Апасы Чынара Насипжанова 1969-жылы туулган, кесиби боюнча тигүүчү. Ренат — беш бир туугандын улуусу.

Жеке жашоосу:
Үй-бүлөлүү, бир уулдун атасы.
Жетишкендиктери:

2010-жылы — "Тогуз кайрык" кароо-сынагында III орун;

2015-жылы — "Бейне-өнөр" фонду уюштурган кароо-сынакта I орун;

Устаты — Белгилүү комузчу Руслан Жумабаев

Учурда — Бишкек шаардык мэриясынын эл аспаптар оркестринде жана №3 музыкалык мектепте эмгектенет.

Кубат уулу Чыңгыз
1990-жылы 3-июлда Нарын облусунун Кочкор районунун Туз айылында туулган.

Үй-бүлөсү тууралуу:
Атасы Кубат Жумагулов 1945-жылы туулган, апасы Бүбүсайра Жунушалиева 1947-жылы төрөлгөн. Ата-энесинин кесиби — мугалим. Чыңгыз — 13 бир туугандын кенжеси.

Жеке жашоосу:
Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы.
Билими:

2008-жылы — Туз айылындагы Жунушаалы кызы Сайнап атындагы орто мектепти аяктаган;

2016-жылы — Улуттук консерваториянын кыргыз эл аспаптар факультетинин комуз бөлүмүн аяктаган.

Жетишкендиктери:

2004-жылы — "Жаш таланттар" облустук кароо-сынагында жеңүүчү;

2005-жылы — "Жаш таланттар" облустук кароо-сынагында баш байге;

2010-жылы — Эл аралык "Ысык-Көлдө кадыр түн" фестивалында II даражадагы диплом;

2011-жылы — республикалык "Манас" жаштар ордосу тарабынан Ардак грамота;

Устаттары — КРдин маданиятына эмгеги сиңген ишмерлер Кубат Жумагулов, Зайнидин Иманалиев, Нурзат Орозалиева, Руслан Жумабаев, Азамат Отунчиев.

Учурда — Борбордогу №3 музыкалык мектепте мугалим.

Эркалиев Улукбек Эркалиевич
1991-жылы 15-октябрда Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында туулган.

Үй-бүлөсү тууралуу:
Атасы Өскөнаалы уулу Эркалы 1958-жылы туулган, акын, жазуучу. Апасы Чынаргүл Урсеитова 1958-жылы туулган, мугалим. Улукбек — төрт бир туугандын кичүүсү.

Жеке жашоосу:
Бойдок
Билими:

2007-жылы Чаек айылындагы Таттыбүбү Турсунбаева атындагы мектепти аяктаган;

2011-жылы — Муратаалы Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын кыргыз эл аспаптар факультетинин кыл кыяк бөлүмүн аяктаган;

2016-жылы — Кыргыз улуттук консерваториясынын комуз бөлүмүн бүтүргөн.

Жетишкендиктери:

2015-жылы — СССРдин эл артисти Самара Токтакунованын 70 жылдыгына арналган комузчулардын кароо сынагында II орун;

2016-жылы — "Бейне-өнөр" коомдук фондусу тарабынан "Жылдын мыкты комузчусу" диплому менен сыйланган;

2017-жылы — Залкар комузчу Нурак Абдрахмановдун 70 жылдыгына арналган комузчулар сынагында I орун;

Устаттары — белгилүү комузчулар Шарипбек Чутоев, Шерик Рысалиев, Руслан Жумабаев.

Учурда — Бишкек шаар мэриясынын эл аспаптар оркестринде жана Болот Эдигеев атындагы "Арашан" фольклордук ансамблинде эмгектенет.

Кенчинбаев Назбек Бакытович
1992-жылы 15-мартта Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында туулган.

Үй-бүлөсү тууралуу:
Атасы Бакыт Кенчинбаев 1962-жылы төрөлгөн, устачылык менен алектенет. Апасы Бюбюинна Кенчинбаева 1969-жылы төрөлгөн, үй кожойкеси. Назбек — төрт бир туугандын экинчиси.

Жеке жашоосу:
2016-жылы КРдин Эмгек сиңирген артисти Нурайым Азыкбаевага баш кошкон. Жубайлар бир кыздын ата-энеси.
Билими:

2010-жылы — Ысык-Көл районунун Семенов айылындагы Петр Колесников атындагы орто мектепти бүтүргөн;

Учурда — Кыргыз улуттук консерваториясынын салттуу музыка жана фольклор факультетинин кыргыз эл аспаптар бөлүмүндө билим алат.

Жетишкендиктери:

2010-жылы — Ысык-Көл облустук "Жаш таланттар" конкурсунда I даражадагы диплом;

2011-жылы — Эл аралык "Ысык-Көлдө кадыр түн" фестивалында I даражадагы диплом;

2012-жылы — комузчулар арасындагы республикалык "Таланттар таймашы" сынагында I орун;

2012-жылы — республикалык "Тогуз Кайрык" фестивалында I орун;

2013-жылы — Карамолдо Орозовдун 120 жылдыгына арналган конкурста мыкты күү аткаргандыгы үчүн диплом;

2014-жылы — "Жылдын тандоосу" конкурс-фестивалынын алкагында мыкты комузчу;

2015-жылы — СССРдин Эл артисти Самара Токтакунованын 70 жылдыгына арналган республикалык конкурста баш байге жана медаль;

2016-жылы — Башкортастандын Уфа шаарында өткөн эл аралык "Факел" фестивалында диплом (дуэт — Назбек Кенчинбаев, Нурайым Азыкбаева);

2016-жылы — II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда Нурайым Азыкбаева менен аткарган дуэти үчүн уюштуруучулар тарабынан "Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жабылуу аземинде аткарган мыкты номер" ыраазычылык каты жана диплому менен сыйланган;

Республикалык жана эл аралык конкурс-фестивалдардын лауреаты, активдүү катышуучусу.

Устаттары — чоң атасы Орозобай Кенчинбаев, залкар комузчу Намазбек Уралиев жана Эл агартуунун отличниги, маданияттын мыкты кызматкери Ирина Суеркулова.

Алагушов Бек Замирбекович
1992-жылы 23-июнда Ысык-Көл облусундагы Тоң районунун Ак-Сай айылында туулган.

Үй-бүлөсү тууралуу:
Атасы Замирбек Алагушов 1957-жылы туулган, апасы Роза Өмүрканова 1957-жылы туулган, учурда пенсионерлер. Бек — беш бир туугандын кичүүсү.

Жеке жашоосу:
Үй-бүлөлүү.
Билими:

2008-жылы — Жусуп Турусбеков атындагы орто мектепти аяктаган;

2012-жылы — Муратаалы Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын кыргыз эл аспаптар бөлүмүн бүтүргөн;

2017-жылы — Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын салттык музыка жана эл аспаптар бөлүмүн аяктаган;

Жетишкендиктери:

2013-жылы — Ыбырай Тумановдун 125 жылдыгына арналган комузчулардын республикалык кароо-сынагында I даражадагы диплом;

2016-жылы — Салттык музыка жумалыгана карата уюштурган кароо-сынактын жеңүүчүсү;

2017-жылы — Нурак Абдрахмановдун 70-жылдыгына арналган комузчулардын республикалык сынагында баш байге;

Устаты — Залкар комузчу Намазбек Уралиев

Учурда — Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде окутуучу.

Каныбеков Эламан Каныбекович
1993-жылы 30-августта Нарын облусундагы Жумгал районунун Миң-Куш шаарчасында туулган.

Билими:
2015-жылы — Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепти аяктаган;
2017-жылы — Калый Молдобасанов атындагы кыргыз улуттук консерваториясын аяктаган;

Үй-бүлөсү тууралуу:
Эки бир туугандын улуусу.

Жеке жашоосу:
Бойдок.
Жетишкендиктери:

2016-жылы — Москвада өткөн эл аралык улуттук аспаптар боюнча сынактын жеңүүчүсү;

Республикалык жана эл аралык конкурс-фестивалдардын лауреаты, активдүү катышуучусу;

Устаттары — Асмат Алымкулова, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Калыбек Жекшенов жана Эл агартуунун отличниги, маданияттын мыкты кызматкери Ирина Суеркулова.

Учурда — Бишкек мэриясына караштуу "Акак" комузчулар ансамблинин жана Чалагыз Исабаев атындагы фольклордук-этнографиялык ансамблинин солисти. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте мугалим.

Өмүргазы уулу Жыргалбек
1997-жылы 20-сентябрда Нарын облусундагы Ат-Башы районунда туулган.

Үй-бүлөсү тууралуу:

Атасы Өмүргазы Карымбаев 1963-жылы туулган, апасы Шарипа Эсенгулова 1969-жылы туулган. Ата-энеси дыйканчылык менен алектенет. Жыргалбек — төрт бир туугандын үчүнчүсү.

Жеке жашоосу:
Бойдок
Билими:

2015-жылы — Мукаш Абдраев атындагы музыкалык окуу жайды аяктаган;

Учурда — Кыргыз улуттук консерваториясындагы эстрада факультетинин джаз-пианист бөлүмүндө окуйт;

Жетишкендиктери:

2012-жылы — "Жаш Кербез" конкурсунда I орун;

2012-жылы — республикалык "Тогуз Кайрык" конкурсунун дипломанты;

2012-жылы — Эл аралык "Ars Polonia" конкурсунда II орун;

2013-жылы — "Жаш Кербез" конкурсунда I орун;

2013-жылы — Азербайжанда өткөн "Mogam" конкурсунда III орун;

2014-жылы — "Жаш кербез" конкурсунда I орун;

2014-жылы — СССРдин Эл артисти Самара Токтакунованын 70 жылдыгына арналган республикалык конкурста I орун;

2016-жылы — Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн "Navro'z Sadolari" конкурсунда I орун;

2017-жылы — Залкар комузчу Нурак Абдрахмановдун 70 жылдыгына карата өткөрүлгөн сынакта II орун;

Республикалык жана эл аралык конкурстардын жеңүүчүсү, активдүү катышуучусу;

Устаты — КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмери Калыбек Жекшенов
Автор
Гүлдана Талантбекова

Фото
Табылды Кадырбеков, Жоомарт Ураимов

Видео
Эмиль Садыров, Сергей Аладьев

Дизайнер
Даниил Сулайманов