ТЕМИР КАНАТ
Колу Коконго, буту Букарга жеткен оюнчулар. Учурдун мыкты волейболчулары кимдер?
"Темир канат" — Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин маданиятка жана спорт тармагына салымын кошуп, өлкөнүн атын алыска таанытып жаткан жаштарды элге таанытууга арналган долбоору.

Бул ирет шыңга бою менен ийгилик жараткан волейбол боюнча кыргыз улуттук курама командасынын оюнчуларын тааныштырабыз.
Марина Гришаева
Туулган жылы, күнү — 1986-жыл, 15-ноябрь

Туулган жери — Бишкек шаары

Билими: 2003-2008 — Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетинде билим алган;

2010-2013 — Бишкек Гуманитардык университетинин психология бөлүмүн аяктаган;

2016 — Гештальт жана психодрам Москва институнунда билимин жогорулаткан;

Үй-бүлөлүк абалы — турмушка чыга элек

Бою — 177 сантиметр

Салмагы — 63 килограмм

Клуб — "Салам-Алик"

Амплуа — чабуулчу

Машыктыруучусу — Абдухамид Айсаходжиев

Команда менен жетишкен ийгиликтери:

Волейбол боюнча КРдин спорт чебери;

2009 — КРдин волейбол федерациясы тарабынан "Мыкты оюнчу";

2015 — КРдин Спартакиадасында I орун;

2017 — Ислам тилектештик оюндарында коло медаль;

Волейбол боюнча КРдин чемпионатында, КРдин кум жээктеги чемпионатында I орун;

Иш тажрыйбасы:

2008-жылдан бери — жеке ишкерлик чөйрөдө юрист;

2013-жылдан бери — "Илим" психологиялык жактан колдоо жана билим берүү комплексинин алдындагы борбордо психолог, тренер;
Каныбек уулу Оңолбек
Туулган жылы, күнү — 1991-жыл, 17-август

Туулган жери — Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Оттук айылы

Билими:

2010-2016 — Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын педиатрия бөлүмүн аяктаган;

2016-2018 — Бишкектеги травмотолия жана ортопедиялык илимий изилдөө борборунунда ординатор;

Үй-бүлөлүк абалы — бойдок

Бою — 197 сантиметр

Салмагы — 97 килограмм

Амплуа — диоганалдык чабуулчу

Клуб — "Жаңы-Муун"

Машыктыруучулары — Мирлан Амантуров, Самат Догочиев, Кылыч Сарбагышев

Команда менен жетишкен ийгиликтери:

2015 — КРдин волейбол федерациясы тарабынан "Мыкты спортчу";

"Sports Awards-2015" спортчуларды сыйлоо долбоорунун версиясы боюнча "Мыкты волейболчу";

2016 — Улуттук лиганын, чемпиону, "Жаңы муун" командасынын курамында КРдин чемпиондугунда II орун, Ысык-Көл оюндарында жана Республикалык спартакиадада алтын медаль;

2017 — КРдин өкмөтүнүн Ардак грамотасы, Азиянын аймактык чемпиондугунун "Мыкты оюнчусу", Борбордук аймактын тандоо турунун "Мыкты оюнчусу";

2018 — Дүйнө чемпиондугунун II тандоо турунун "Мыкты оюнчусу";
Юлианна Морозова
Туулган жылы, күнү — 1989-жыл, 12-октябрь

Туулган жери — Бишкек шаары

Билими:

2007-2012 — Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин маалыматтык программалаштыруу бөлүмүн бүтүргөн.

Үй-бүлөлүк абалы — бир кыздын энеси

Бою — 173 сантиметр

Салмагы — 63 килограмм

Клуб — "Дордой-Намыс"

Машыктыруучусу — Марат Сейитказиев

Амплуа — чабуулчу

Команда менен жетишкен ийгиликтери:

"Политехник" клубунун курамында КР Универсиадасынын төрт жолку чемпиону;

Бишкек курама командасы менен КР Спартакидасынын үч жолку чемпиону;

2017 — "Дордой намыс" клубунун курамы менен КРдин чемпионатында коло медаль, КРдин курама командасы менен Ислам тилектештик оюндарында коло медаль;

2018 — "Emmen" клубу менен Мальдив аралынын регионалдык чемпионатында коло медаль;

Машыгуудан сырткары спорттук кийимдер боюнча дизайнер катары эмгектенет
Талгат Чалмашбеков
Туулган жылы, күнү — 1991-жыл, 12-июль

Туулган жери — Бишкек шаары

Билими:

2009-2014 — Кыргыз-орус славян университетинин эл аралык мамилелер факультетинде билим алган

Үй-бүлөлүк абалы — бойдок

Бою — 187 сантиметр

Салмагы — 88 килограмм

Клуб — "Салам Алик"

Амплуа — чабуулчу

Машыктыруучусу — КРдин Эмгек сиңирген машыктыруучусу Андрей Анкудинов

Команда менен жетишкен ийгиликтери:

КРдин волейбол боюнча спорт чебери;

Волейбол боюнча КРдин беш жолку чемпиону;

КРдин чемпионатында үч жолу коло медаль, бир жолу күмүш медаль;

2011-2012 — КР Универсиадасынын чемпиону;

2011 — Элдердин достугу Спартакидасынын жеңүүчүсү;

2016 — Азиянын аймактык мелдешинен күмүш медаль;

2017 — Азиянын аймактык чемпиону;

Иш тажрыйбасы:

Учурда өкмөткө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн адиси.
Айдай Кадырова
Туулган жылы, күнү — 1991-жыл, 1-июль

Туулган жери — Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаары

Билими:

2008-2013 — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин прикладдык информатика факультетинен билим алган

Үй-бүлөлүк абалы — турмушка чыккан, эки кыздын энеси

Бою — 180 сантиметр

Салмагы — 80 килограмм

Клуб — "Салам-Алик"

Амплуа — биринчи темптеги чабуулчу

Машыктыруучулары — Мелис жана Марат Сейитказиевдер, Абдухамид Айсаходжиев

Команда менен жетишкен ийгиликтери:

Волейбол боюнча КРдин беш жолку чемпиону;

Волейбол боюнча спорт чебери;

2013 — КРдин Волейбол федерациясы тарабынан "Мыкты оюнчу";

2017 — Ислам тилектештик оюндарында коло медаль;

Машыгуудан сырткары спорттук соода борборлордун биринде сатуучу-консультант.
Жамалидин Мусаев
Туулган жылы, күнү — 1992-жыл, 9-май

Туулган жери —Баткен районундагы Самаркандек айылы

Билими:

2010-2015 — Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин коопсуз кыймыл бирикмеси бөлүмүн аяктаган.

Үй-бүлөлүк абалы — бойдок

Бою — 180 сантиметр

Салмагы — 80 килограмм

Клуб — ЕRЕМ

Амплуа — байланыштыруучу

Машыктыруучулары — Саитбурхан Эгембердиев, Исмат Амиров

Команда менен жетишкен ийгиликтери:

2016 — Азиянын аймактык чемпиону;

2017 — КРдин чемпиону;
Мадина Мирлан кызы
Туулган жылы, күнү — 1995-жыл, 17-июль

Туулган жери —Токмок шаары

Билими — Тоо-кен иши жана тоо-кен технология институтунун магистратура бөлүмүнүн 1-курсунун студенти

Үй-бүлөлүк абалы — турмушка чыга элек

Бою — 174 сантиметр

Салмагы — 60 килограмм

Клуб — "Салам-Алик"

Амплуа — байланыштыруучу

Машыктыруучусу — Алексей Ильин, Абдухамид Айсаходжиев

Команда менен жетишкен ийгиликтери:

Волейбол боюнча КРдин төрт жолку чемпиону;

2016 — КРдин Волейбол федерациясы тарабынан "Мыкты оюнчу";

2017 — Ислам тилектештик оюндарында коло медаль;

Машыгуудан сырткары спорттук соода борборлордун биринде сатуучу-консультант.
Нурмухаммед Токтоев
Туулган жылы, күнү — 1994-жыл, 24-февраль

Туулган жери —Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтү

Билими — Ош технологиялык университетинин инженер-куруучу факультетинин 3-курсунун студенти;

Үй-бүлөлүк абалы — бойдок

Бою — 179 сантиметр

Салмагы — 75 килограмм

Клуб — "Дархан"

Амплуа — чабуулчу

Машыктыруучусу — Алмаз Атабаев

Команда менен жетишкен ийгиликтери:

Волейбол боюнча спорт чебери;

2016 — Орто Азиянын чемпиону, КРдин Волейбол федерациясы тарабынан "Мыкты спортчу";
Алия Шумкарбекова
Туулган жылы, күнү — 1997-жыл, 16-декабрь

Туулган жери —Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылы

Билими — Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын волейбол бөлүмүнүнүн 3-курсунун студенти.

Үй-бүлөлүк абалы — турмушка чыга элек

Бою — 177 сантиметр

Салмагы — 64 килограмм

Клуб — "Салам-Алик"

Амплуа — чабуулчу

Машыктыруучу — Абдухамид Айсаходжиев

Команда менен жетишкен ийгиликтери:

Волейбол боюнча КРдин эки жолку чемпиону;

2016 — Кум үстүндө волейбол ойноо боюнча алтын медаль, КР Универсиадасында I орун;

2017 — Кум үстүндө волейбол ойноо боюнча күмүш медаль, КР Универсиадасында II орун;
Темир Муса уулу
Туулган жылы, күнү — 1994-жыл, 12-апрель

Туулган жери — Нарын облусунун Ат-Башы району

Билими — Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин спорт жана туризм факультетинин 4-курсунун студенти.

Үй-бөлөлүк абалы — бойдок

Бою — 190 сантиметр

Салмагы — 82 килограмм

Клуб — "Улар"

Машыктыруучусу — Учкун Маралов

Амплуа — чабуулчу

Команда менен жетишкен ийгиликтери:

2015-2016 — КРдин кум жээктеги чемпионатынын чемпиону;

2017 — Ашхабадда өткөн Азия оюдарынын чемпиону;
Алтынай Самат кызы
Туулган жылы, күнү — 1997-жыл, 24-июнь

Туулган жери — Жалал-Абад облусундагы Токтогул району

Билими — Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын адвокатура жана юстиция бөлүмүнүн 4-курсунун студенти;

Үй-бүлөлүк абалы — турмушка чыга элек;

Бою — 172 сантиметр

Салмагы — 67 килограмм

Клуб — "Улар"

Амплуа — чабуулчу

Машыктыруучусу — Исмат Амиров

Спорттук жетишкендиктери:

2016 — КРдин чемпионатында күмүш медаль, Ысык-Көлдө өткөн кум жээктеги мелдеште күмүш медаль, Волейбол федерациясы тарабынан кум жээктеги волейбол ойноо боюнча "Мыкты оюнчу";

2017 — КРдин чемпионатында коло медаль, Ислам тилектештик оюндарында коло медаль, Волейбол федерациясы тарабынан "Мыкты оюнчу";
Эмил Идирисов
Туулган жылы, күнү — 1996-жыл, 21-май

Туулган жери — Баткен облусунун Кадамжай району

Билими — Кыргыз мамлекеттик техникалык университетиндеги энергетика факультетинин 3-курсунун студенти

Үй-бүлөлүк абалы — бойдок

Бою — 190 сантиметр

Салмагы — 87 килограмм

Клуб — "EREM"

Амплуа — бөгөт коюучу (блокирующий)

Машыктруучусу — Исмат Амиров

Команда менен жетишкен ийгиликтери:

Волейбол боюнча КРдин спорт чебери;

2017 — КР Спартакиадасында III, КР чемпионатында I, кум жээктеги чемпионатта II, Орто Азии чемпионатында I орун;

Учурда Улуттук гвардиянын катарында кызмат өтөйт.
Автор
Гүлдана Талантбекова

Фото
Табылды Кадырбеков, Nug Moddum

Видео
Эмиль Садыров

Дизайнер
Даниил Сулайманов