ТЕМИР КАНАТ
Рингден жолугабыз! Дүйнөнү муштуму менен дүңгүрөтүп жаткан боксчулар ким?
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин "Темир канат" долбоору маданиятка жана спорт тармагына салымын кошуп, өлкөнүн атын алыска таанытып жаткан жаштарды элге таанытууга арналган.

Бул жолу бокс боюнча кыргыз улуттук курама командасынын болуп-толуп турган спорчуларын тааныштырабыз. Арасында бокс, кик бокс, тай бокс жана бирма боксунун мушкерлери бар.
Кикбоксчулар
Авазбек Аманбеков
Туулган жылы, күнү — 1991-жыл, 16-апрель

Туулган жери — Ош облусундагы Өзгөн районунун Кызыл-Дыйкан айылы

Билими — 2014-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын криминалдык иликтөө бөлүмүн аяктаган

Үй-бүлөлүк абалы — бойдок

Тандаган спорту — кикбокс

Бою — 168 сантиметр

Салмагы — 57 килограмм

Машыктыруучусу — КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Маралбек Давлеткулов

Жетишкендиктери:

2009-жылы — кикбокс боюнча спорт чебери;

2013-жылы — кикбокс боюнча эл аралык класстагы спорт чебери;

Ушу-саньда боюнча эл аралык класстагы спорт чебери;

2008-2009-2010-2012-2017 — кикбокс боюнча КРдин чемпиону;

2011-жылы — кикбокс боюнча Россияда өткөн дүйнө кубогунда күмүш медаль;

2013-жылы — кикбокс боюнча Түркияда өткөн дүйнө биринчилигинде алтын медаль;

2014-жылы — кикбокс боюнча Россияда өткөн дүйнө кубогунда алтын медаль;

2015-жылы — кикбокс боюнча Индияда өткөн Азия чемпионатында күмүш медаль;

2015-жылы — кикбокс боюнча Сербияда өткөн дүйнө биринчилигинде күмүш медаль;

2015-жылы — ушу-саньда боюнча Индонезияда өткөн дүйнө биринчилигинде коло медаль;

2016-жылы — ушу-саньда боюнча Кытайда өткөн дүйнөлүк кубокто алтын медаль;

2017-жылы — кикбокс боюнча Түркияда өткөн ачык кубокто алтын медаль;

2017-жылы — кикбокс боюнча Азия чемпионатында алтын медаль;

2017-жылы — Түркмөнстанда өткөн жабык имараттагы V Азия оюндарында кикбокс боюнча алтын медаль;
Камалова Алина
Туулган жылы, күнү — 2000-жыл, 12-январь

Туулган жери — Өзбекстандын Ташкент шаары

Билими — Кыргыз-орус славян университетинин эл аралык журналистика факультетинин 2-курсунун студенти;

Үй-бүлөлүк абалы — турмушка чыга элек

Тандаган спорту — кикбокс

Боюу — 178 сантиметр

Салмагы — 70 килограмм

Машыктыруучусу — Канатбек Сыдыкбеков

Спорттук жетишкендиктери:

Кикбокс боюнча КРдин спорт чебери;

2016-жылы — каратэ-кудо боюнча КРдин биринчилинде чемпион;

2017-жылы — кикбокс боюнча Азия чемпионатында коло медаль;

2017-жылы — Ашхабадда өткөн дүйнө кубогунда коло медаль;

2017-жылы — Россияда өткөн дүйнө кубогунда коло медаль;

Калбаев Чынгыз
Туулган жылы, күнү — 1990-жыл, 24-апрель

Туулган жери — Ош облусундагы Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылы

Билими — Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин менеджмент бөлүмүн аяктаган;

Үй-бүлөлүк абалы — бойдок

Тандаган спорту — кикбокс

Бою — 175 сантиметр

Салмагы — 67 килограмм

Машыктыруучусу — Канатбек Сыдыкбеков

Спорттук жетишкендиктери:

Кикбокс боюнча КРдин спорт чеберине талапкер;

2016-жылы — кикбокс боюнча дүйнө кубогунда коло медаль;

2017-жылы — кикбокс боюнча КРдин чемпионатында коло медаль;

2017-жылы — Ашхабадда өткөн жабык имараттагы V Азия оюндарында кикбокс боюнча коло медаль;
Саидисломбек уулу Рахимжон
Туулган жери, күнү — 1998-жыл, 22-январь

Туулган жери — Ош облусунун Өзгөн району

Билими — орто (Өзгөн районундагы №1 мектепти аяктаган)

Үй-бүлөлүк абалы — бойдок

Тандаган спорту – кикбокс

Бою — 172 сантиметр

Салмагы — 57 килограмм

Машыктыруучусу — Абиджан Алимов

Жетишкендиктери:

Кикбокс боюнча спорт чебери

2015-жылы — кикбокстун К-1 версиясы боюнча Россияда өткөн Интерконтиненталдык чемпионаттан алтын медаль;

2015-жылы — кикбокс боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль;

2015-2016 — кикбокс боюнча КРдин биринчилинде чемпион;

2017-жылы — К-1 версиясы боюнча Азия чемпиону;

2017-жылы — кикбокс боюнча Россияда өткөн дүйнө кубогунда күмүш медаль;
Баратов Акрам
Туулган жылы, күнү — 1999-жыл, 20-октябрь

Туулган жери — Чүй облусунун Токмок шаары

Билими — 2017-жылдан бери Кыргыз-орус славян университетинин юридикалык факультетинде билим алат.

Үй-бүлөлүк абалы — бойдок

Тандаган спорту — кикбокс

Бою — 172 сантиметр

Салмагы — 54 килограмм

Машыктыруучусу — КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Малик Хихи

Спорттук жетишкендиктери:

Кикбокс боюнча спорт чебери;

2014-жылы — кикбокс Италияда өткөн дүйнө биринчилигинде алтын медаль:

2015-жылы — кикбокс боюнча жаштар арасында Орто Азия чемпиону;

2015-2016 — кикбокс боюнча жаштар арасында КРдин чемпиону;

2016-жылы — кикбокс боюнча Ирландияда өткөн дүйнө биринчилинде алтын медаль;

2017-жылы — кикбокс боюнча Хорватияда өткөн жаштар арасында Европа кубогунун жеңүүчүсү;

2017-жылы — Ашхабадда өткөн Азия чемпионатында кикбокс боюнча күмүш медаль;
Классикалык бокстун мушкерлери
Туркбай уулу Мирлан
Туулган жылы, күнү — 1990-жыл, 25-сентябрь

Туулган жери — Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Биринчи Май аыйлы

Билими — орто

Үй-бүлөлүк абалы — үйлөнгөн

Тандаган спорту — бокс

Бою — 159 сантиметр

Салмагы — 49 килограмм

Машыктыруучусу — Нурлан Түлөбергенов

Спорттогу жетишкендиктери:

Бокс боюнча спорт чебери;

Бокс боюнча КРдин чемпиону;

2013-жылы — бокс боюнча дүйнө кубогунда күмүш медаль;

2017-жылы — бокс боюнча Казакстанда өткөн эл аралык турнирде күмүш медаль;

Бокс боюнча бир нече эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү;
Мамасалы кызы Мээрим
Туулган жылы, күнү — 1995-жыл, 11-январь

Туулган жери — Ош облусунун Араван району

Билими — 2015-жылдан тарта Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын бокс боюнча машыктыруучу факультетинде окуйт;

Үй-бүлөлүк абалы — турмушка чыга элек

Тандаган спорту — бокс

Боюу — 176 сантиметр

Салмагы — 60 килограмм

Машыктыруучусу — КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Акжол Ажибеков

Спорттогу жетишкендиктери:

Бокс боюнча КРдин төрт жолку чемпиону;

Бокс боюнча эл аралык турнирдин үч жолку жеңүүчүсү;
Мусаев Жаныбек
Туулган жылы, күнү — 1994-жыл, 16-февраль

Туулган жери — Бишкек шаары

Билими — 2014-жылдан бери Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин менеджмент бөлүмүнүндө окуйт.

Үй-бүлөлүк абалы — бойдок

Тандаган спорту — бокс

Боюу — 165 сантиметр

Салмагы — 57 килограмм

Машыктыруучусу — КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Акжол Ажибеков;

Жетишкендиктери:

Бокс боюнча КРдин спорт чебери;

2017-жылы — Казакстанда өткөн бокс боюнча эл аралык турнирдин чемпиону;

2017-жылы — бокс боюнча Казакстандын президентинин кубогунда коло медаль;
Масыдык кызы Алина
Туулган жери, күнү — 1996-жылы, 20-апрель

Туулган жери — Бишкек шаары

Билими — Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин финансист жана кредитор бөлүмүнүн 2-курсунун студенти

Үй-бүлөлүк абалы — турмушка чыга элек

Боюу — 170 сантиметр

Салмагы — 57 килограмм

Машыктыруучулары — Аскер Чолаков, Тилек Рыспаев, Уран Уметбеков, Акжол Ажибеков

Жетишкендиктери:

Бокс боюнча спорт чеберине талапкер;

2014-жылы — бокс боюнча КРдин чемпионатында күмүш медаль;

2015-жылы — бокс боюнча КРдин чемпионатында күмүш медаль;

2014-жылы — бокс боюнча эл аралык турнирде күмүш медаль;

2016-жылы — бокс боюнча эл аралык турнирде күмүш медаль;

2016-жылы — бокс боюнча КРдин чемпионатында күмүш медаль;

2017-жылы — бокс боюнча КРдин чемпионатында күмүш медаль;
Шабданбаев Ыктыяр
Туулган жылы, күнү — 1996-жыл, 22-сентябрь

Билими — 2014-жылдан бери Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын адвокатура жана юстиция факультетинен билим алат.

Үй-бүлөлүк абалы — бойдок

Боюу — 180 сантиметр

Салмагы — 75 килограмм

Машыктыруучусу — КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Акжол Ажибеков

Жетишкендиктери:

Бокс боюнча КРдин спорт чебери;

2016-жылы — бокс боюнча КРдин чемпиону;

2017-жылы — бокс боюнча Казакстанда өткөн эл аралык турнирде коло медаль;
Жансеитов Сыргак
Туулган жылы, күнү — 1998-жыл, 10-май

Туулган жери — Бишкек шаары

Билими — Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын юридикалык бөлүмүнүн 2-курсунун студенти;

Үй-бүлөлүк абалы — бойдок

Тандаган спорту — бокс

Боюу — 169 сантиметр

Салмагы — 49 килограмм

Машыктыруучулар — Владимир Рослов, Ильяр Ахметов

Жетишкендиктери:

Бокс боюнча спорт чебери;

2015-жылы — бокс боюнча Россияда өткөн эл турнирдин жеңүүчүсү;

2015-жылы — бокс боюнча Казакстанда өткөн эл аралык турнирдин жеңүүчүсү;

2016-жылы — бокс боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында коло медаль;

2017-жылы — бокс боюнча КРдин чемпиону;
Тайбоксчулар
Качкынбаев Мирбек
Туулган жылы, күнү — 1988-жыл, 12-январь

Туулган жери — Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Чок-Тал айылы

Билими — 2014-жылы Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын машыктыруучу бөлүмүн аяктаган;

Үй-бүлөлүк абалы — бир баланын атасы

Тандаган спорту — тайбокс

Боюу — 183 сантиметр

Салмагы — 82 килограмм

Машыктыруучусу — КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Елена Шевченко

Жетишкендикери:

Тайбокс боюнча КРдин бир нече жолку чемпиону;

Таэквандо боюнча КРдин 4 жолку чемпиону;

Тайбокс боюнча эл аралык класстагы спорт чебери;

2007-жылы — Казакстанда өткөн таэквандо боюнча эл аралык турнирде II орун;

2014-жылы — Казакстанда өткөн Nomad ММA боюнча Азия чемпионатында II орун;

2014-жылы — Малайзияда өткөн тайбокс боюнча дүйнө биричилигинде күмүш медаль;

2014-жылы — Таиландда өткөн тайбокс боюнча кум жээгиндеги Азия оюндарында коло медаль;
Сарткалмаков Мирбек
Туулган жылы, күнү — 1989-жыл, 19-март

Туулган жери — Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Санташ айылы

Билими — Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын кулатуу бөлүмүн сырттан окуйт;

Үй-бүлөлүк абалы — үч кыздын атасы

Тандаган спорту — тайбокс

Бою — 172 сантиметр

Салмагы — 60 килограмм

Машыктыруучулары — Дмитрий Валуев, Елена Шевченко

Жетишкендиктери:

Тайбокс боюнча эл аралык класстагы спорт чебери;

2011-2016-2017 — тайбокс боюнча КРдин чемпиону;

2012-жылы — тайбокс боюнча Иранда өткөн президенттик кубокто коло медаль;

2014-жылы — тайбокс боюнча Таиландда өткөн Азия оюндарында күмүш медаль;

2016-жылы — тайбокс боюнча Швецияда өткөн дүйнө биринчилигинде күмүш медаль;
Талантов Амангелди
Туулган жылы, күнү — 1994-жыл, 27-май

Туулган жери — Жалал-Абад облусунун Токтогул району

Билими — 2013-жылдан тарта Кыргыз улуттук агрардык университетинин экономика факультетинде окуйт

Үй-бүлөлүк абалы — бир кыздын атасы

Тандаган спорту — тайбокс

Боюу — 173 сантиметр

Салмагы — 65 килограмм

Машыктыруучусу — Елена Шевченко

Жетишкендиктери:

Тайбокс боюнча спорт чебери. Аталган спорт түрүнөн эл аралык класстагы калыс;

2008-2011-2012 — тайбокс боюнча КРдин чемпиону;

2008-жылы — тайбокс боюнча Казакстандын чемпиону;

2012-жылы — К-1 версиясы боюнча КРдин чемпиону;

2012-жылы — Казакстанда өткөн Nomad ММA боюнча дүйнө кубогунда коло медаль;

2014-жылы — Казакстанда өткөн Nomad ММA боюнча Азия чемпионатында коло медаль;
Матысаев Бекжан
Туулган жылы, күнү — 1996-жыл, 29-июнь

Туулган жери — Баткен облусундагы Лейлек районунун Ак-Арык айылы

Билими — Кыргызстан эл аралык университетинин эл аралык мамилелер бөлүмүнүн 4-курсунун студенти

Үй-бүлөлүк абалы — бойдок

Тандаган спортчу — тайбокс

Боюу — 176 сантиметр

Салмагы — 71 килограмм

Машыктыруучусу — Елена Шевченко

Жетишкендиктери:

Тайбокс боюнча эл аралык класстагы спорт чебери;

Тайбокс боюнча КРдин 6 жолку чемпиону;

Бирма боксу боюнча КРдин 3 жолку чемпиону;

2014-жылы — тайбокс боюнча Таиландда өткөн кум жээктеги Азия оюндарында коло медаль;

2017-жылы — тайбокс боюнча Ашхабадда өткөн Азия оюндарында коло медаль;
Керимбеков Арген
Туулган жылы, күнү — 1999-жыл, 24-ноябрь

Билими — 2017-жылдан тарта Кыргызстан эл аралык университетинин юриспруденция факультетинде окуйт

Үй-бүлөлүк абалы — бойдок

Тандаган спорту — тайбокс

Боюу — 175 сантиметр

Салмагы — 63 килограмм

Машыктыруучусу — Елена Шевченко

Жетишкендиктери:

Тай жана бирма боксу боюнча спорт чебери;

Кулатуу эр таймаш боюнча спорт чебери;

Тайбокс боюнча КРдин 3 жолку чемпиону;

2014-жылы — Nomad MMA боюнча Азия чемпионатында коло медаль;

2014-2015 — тайбокс боюнча "Манас" кубогунун жеңүүчүсү;

2015-жылы — бирма боксу боюнча Борбор Азиянын чемпиону;

2015-2016 — бирма боксу боюнча КРдин эки жолку чемпиону;

2017-жылы — кулатуу боюнча WEF Amateurs эл аралык турниринде чемпион;
Бирма боксунун мушкерлери
Калназарова Толгонай
Туулган жылы, күнү — 1996-жыл, 18-сентябрь

Туулган жери — Бишкек шаары

Билими — Кыргыз улуттук университетинин маалыматтык жана инновациялык факультетинин 4-курсунун студенти

Үй-бүлөлүк абалы — турмушка чыга элек

Тандаган спорту — бирма боксу

Боюу — 168 сантиметр

Салмагы — 60 килограмм

Машыктыруучусу — Бекболсун Советбеков

Жетишкендиктери:

2015-2016 — бирма боксу боюнча Борбор Азиянын эки жолку чемпиону;

2017-жылы — бирма боксу боюча дүйнө биринчилигинде күмүш медаль;

2017-жылы — К-1 жана Mixed silat версиясы боюнча КРдин чемпиону;
Асанов Азат
Туулган жылы, күнү — 1996-жыл, 17-декабрь

Туулган жери — Чүй облусунун Кемин районундагы Жаңы-Алыш айылы

Билими — Кыргыз мамлекеттик транспорт, курулуш жана архитертура университетинин ИНИТ бөлүмүндө окуйт.

Үй-бүлөлүк абалы — бойдок

Тандаган спорту — бирма боксу

Боюу — 176 сантиметр

Салмагы — 64 килограмм

Машыктыруучусу — Бекболсун Советбеков

Жетишкендиктери:

Тайбокс боюнча КРдин 6 жолку чемпиону;

Бирма боксу боюнча КРдин 3 жолку чемпиону;

2017-жылы — бирма боксу боюнча дүйнө чемпиону;
Карыбаев Нуралы
Туулган жылы, күнү — 1997-жыл, 8-февраль

Туулган жери — Ысык-Көл облусунун Түп районунун Чоң-Таш айылы

Билими — Кыргыз-орус славян университетинин колледжинин дизайнерлик бөлүмүнүн 4-курсунун студенти;

Үй-бүлөлүк абалы — бойдок

Тандаган спорту — бирма боксу

Бою — 172 сантиметр

Салмагы — 55 килограмм

Машыктыруучусу — Бекболсун Советбеков

Жетишкендиктери:

2016-жылы — бирма боксу боюнча Орто Азия чемпиону;

2016-жылы — тайбокс боюнча КРдин чемпиону;

2016-жылы — бирма боксу боюнча КРдин чемпиону:

2017-жылы — бирма боксу боюнча Дүйнө чемпиону;

2017-жылы — "Жемчужина Кыргызстана" эл аралык турниринин кара куруну ээси;

2017-жылы —Mixed silat спорту боюнча КРдин чемпиону;
Ниязова Михринса
Туулган жылы, күнү — 2000-жыл, 12-май

Туулган жери — Бишкек шаары

Билими — Кыргыз юридикалык академиясынын колледжинде 2-курсунда окуйт

Үй-бүлөлүк абалы — турмушка чыга элек

Тандаган спорту — бирма боксу

Боюу — 165 сантиметр

Салмагы — 51 килограмм

Машыктыруучусу — Бекболсун Советбеков

Жетишкендиктери:

2017-жылы — бирма боксу боюнча КРдин чемпиону;

2017-жылы — бирма боксу боюнча дүйнө чемпиону;

Тайбокс боюнча бир нече эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү.
Алмазбеков Мырза
Туулган жылы, күнү — 2000-жыл, 26-июль

Туулган жери — Чүй облусундагы Кемин районунун Жаңы-Алыш айылы

Билими — 2017-жылдан тарта Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетинин студенти;

Үй-бүлөлүк абалы — бойдок

Тандаган спорту — бирма боксу

Боюу — 170 сантиметр

Салмагы — 57 килограмм

Машыктыруучусу — Бекболсун Советбеков

Жетишкендиктери:

2016-жылы — бирма боксу боюнча Евразиянын чемпиону;

2015-2016 — бирма боксу боюнча Борбор Азиянын чемпиону;

2015-2016 — бирма боксу боюнча КРдин чемпиону;

2016-жылы — тайбокс боюнча КРдин чемпиону;

2016-жылы — тайбокс боюнча Кыргызстан кубогунун жеңүүчүсү;

2017-жылы — бирма боксу боюнча дүйнө биринчилигинде күмүш медаль;
Замир уулу Шабдан
Туулган жылы, күнү — 2000-жыл, 22-август

Туулган жери — Жалал-Абад облусунун Токтогул району

Билими — Бишкек архитектура, курулуш жана менеджмент колледжинин ЗИО факультетинин студенти

Үй-бүлөлүк абалы — бойдок

Тандаган спорту — бирма боксу

Боюу — 180 сантиметр

Салмагы — 57 килограмм

Машыктыруучусу — Бекболсун Советбеков

Жетишкендиктери:

Кол таймашы жана ушу-саньда боюнча КРдин чемпиону;

Тайбокс боюнча КРдин 4 жолку чемпиону;

Кикбокс боюнча КРдин 4 жолку чемпиону;

2015-жылы — Таиландда өткөн тайбокс боюнча дүйнө биринчилинде чемпион;

2017-жылы — Россияда өткөн бирма боксу боюнча дүйнө биринчилигинде чемпион;
Автор
Гүлдана Талантбекова

Фото
Табылды Кадырбеков

Видео
Эмиль Садыров

Дизайнер
Даниил Сулайманов