Айланага бүт сөөк көмүлгөн... Мугалим Кыргызстанда жоголгон шаардын изин тапканда
Айланага бүт сөөк көмүлгөн... Мугалим Кыргызстанда жоголгон шаардын изин тапканда
Аягы көрүнбөгөн азган-тозгон аялдардын кербени түштүккө карай агылууда. Айрымдары ээгин тиштей кайгыга муунуп келе жатса, башкалары эрлери жана уулдарына кошок кошо чачтарын жулуп баратат. Бул коогалаң 800 жыл мурун азыркы Жалал-Абад облусунун чет жакасында болгон.
Майлуу-Суунун жака-белин тартып жүрөбүз. Маңдайыбызда кароосуз калган үйдүн пайдубалы турат, көрсө, кожоюн "сөөк үстүндө" үй куруудан баш тарткан экен. Тарыхтын кандуу издери бул жерде жайнайт! Топурактан кишинин жото жилигинин учу чыгып турат.
"Сөөктөр жамгырдан кийин көрүнүп калат. Кара топурактан алар даана байкалат. Бул жер көрүстөн болбогону анык, андай болсо терең көмүлмөк. Качандыр бир кезде сөөктөрдү жерди казбастан коюп эле, үстүнөн топурак төгүп коюшкандай", — деп баяндайт Майлуу-Суу шаарындагы тарых мугалими Андрей Баширов.
Ал миң жыл мурун дал ушул жерде жок болуп кеткен Селат калаасы орун алганына ишенет. Араб, перс булактарына ылайык, ал соода жолунун өзүндө жайгашкандыктан, тез эле байып кеткен. Шаарды караханиддердин өкүлдөрү байырлаган — алар түрк улуттарынын арасынан биринчи болуп мусулманчылыкты кабылдаган.
Кыргын
Кыргын
Көптөгөн каракчылар Селатты чаап, байыгысы келген, ошол себептен тургундар чеп куруп коргонууга аргасыз болушкан. Шаардыктар кылымдан кылымга душмандык чабуулдардын мизин кайтарып бекем турса да Күчлүк гурхан менен Мухаммед хорезм шахынын согушуна туруштук бере алышкан эмес.

Бул диний өңүттөгү согуш болгон. Балким несториан, мүмкүн будданы тутунган Күчлүк Мухаммеддин диндештерин – мусулмандарды куугунтукка ала баштаган. 1214-жылы Селат кымгуут түшкөн. Шаар улам бир колдон экинчисине өткөн. Натыйжада Мухаммед жеңет, ал калааны кармап кала албасын билгендиктен, Селатты толук бойдон кыйратууга буйрук берет.

Чепти коргоочулардын сөөгү ошол боюнча ушул жерде калган, ал эми аялдарды жана кол өнөрчүлөрдү түштүк тарапка күчтөп алып кетишкен. Ушуну менен шаардын тарыхы аяктайт. Андрей Баширов дал ушул жердеги сөөктөр чеп коргоочуларга таандык деп эсептейт.
"Кыргыз кыштактары мында 17-кылымда пайда боло баштаганы белгилүү, алардыкы жакшы таанылат. Эскилердин айтымында, бул жердегилер кыргыз көрүстөнү эмес", — дейт тарых мугалими.
Майлуу-Суудагы бөлөкчө бир дөңсөөлөргө Баширов университетти аяктап, үйүнө кайтканында кызыга баштаган. Археология кафедрасын бүтүрүп, студент кезинде казуу иштерине көп чыккан болочок археологго Майлуу-Суунун нары жагындагы ушул дөбөлөрдү эске салган.
"Карапа деген бул жерде толтура! Жергиликтүү тургундар бакча казып же жер айдаган кезде дайым бир нерсе таап чыгышат. Кээде окуучуларым мага кумараларды таап алып келишет", — деди мугалим.
Баширов Майлуу-Сууну 40-жылдары курууга катышкандардын далилдерин да келтирет. Курулушчулар шаарды бойлото арык казышмакчы болот. Анжияндан усталар келет. Жерди айлана карап чыккан соң алар: "Силердин арык даяр тура!" дешкен экен.
Учурда байыркы шаардын аймагында балдар футбол ойноп жана майда жандыктар жайылып жүрөт
Учурда байыркы шаардын аймагында балдар футбол ойноп жана майда жандыктар жайылып жүрөт
Жергиликтүү тургундар дарбаза орнотуу үчүн ыңгайлуу жерди тандап алышкан. Тарыхчынын айтымында, сегиз кылым илгери да бул жерге дарбаза коюлган
Жергиликтүү тургундар дарбаза орнотуу үчүн ыңгайлуу жерди тандап алышкан. Тарыхчынын айтымында, сегиз кылым илгери да бул жерге дарбаза коюлган
Узундугу 7 чакырымга созулган байыркы чоң арыкты табышкан. Анын үстүнөн жаңысын кура башташканда абдан көп санда карапа түтүктөрүн алып чыгышкан.
Болуп көрбөгөндөй тарых сабактары. Өтмүшкө саякат
Болуп көрбөгөндөй тарых сабактары. Өтмүшкө саякат
Майлуу-Суудагы №2 орто мектебинин музейинин дубалынан көз айыргың келбейт: анда биз кеп салган байыркы шаардын сүрөтү чагылдырылган. Сүрөтчү тарыхта изи гана калган калааны ушундай элестетет. Ал кайра эле биздин каарман – тарых мугалими Андрей Баширов.

Бул киши туурасында да кеп кылгыбыз келди. Андрей Баширов — кезинде КМУУнун тарых факультетинин мыкты студенти болгон, Москвага да, Санкт-Петербургга да иштөөгө чакырылган. Бирок Майлуу-Сууда калууну чечип, изилденбеген Селат шаары – өз иши экендигин сезген. Андан сырткары, бул жерде Андрей Анатольевичтин сүйүктүү мугалими менен тарыхтан кеп сала баарлашууга баш баккан окуучулары да бар.
Мектеп музейинин экспонаттарын ал балдар менен бирге топтогон. Кумара, шам жана чөйчөктөргө толгон текчелери бар. Мунун баарын мугалим окуучулары менен биргеликте байыркы шаардан — тарых сабагы маалында тапкан. Анын сабактары ушул аймакта өтчү.
"Эми экскурсияларга тыюу салынып калган. Жыл өткөн сайын андай сапарларды уюштурууга уруксат алуу үчүн кагаз иштери көбөйө берди, кийин көчмө сабактарга таптакыр тыюу салышты. Республикабыздын кайсы бир жеринде бир окуучу кыз каза таап, ошол себептен министрлик тобокелге салбоону чечкен", — деп өкүнөт мугалим.
Аткаминерлерди, Билим берүү жана илим министрлигин байыркы калдыктарга коркунуч келтирчү көчкү өңдүү табигый кырсыктар да чочулатпай койбойт.

Тарыхчынын совет маалында бүт Кыргызстанды изилдеген археологдор эмнеликтен бул жерди көз жаздымда калтырышкандыгы тууралуу өзүнүн негизделген пикири бар.
"Өлкөнүн түштүгүндө иш алпарган Александр Бернштамдын экспедициясы бул жерде эч кандай изилдөө жүргүзгөн эмес. Ал Майлуу-Суу дайрасынын жанында эч бир тарыхый кыштак жок деп жазган. Менимче, бул жер жабык аймак болгондуктан, ага ошондой буйрук берилген. Атургай, жергиликтүү тургундарды чыгарышкан, себеби, мында уран казышкан", — деп болжолдойт тарыхчы.
Майлуу-Сууга археологдорду тартып, бул жерди кеңири изилдөө үчүн 90-жылдардын аягында Баширов бир нече жолу Бишкекке барып келген. Бирок каржынын жетишсиздигинен улам изилдөөлөр өткөрүлгөн эмес.
Башка илимпоздор бул жер тууралуу кандай ойдо?
Башка илимпоздор бул жер тууралуу кандай ойдо?
Адистер бир ооздон чындап эле ал жакта шаар орун алган болушу ыктымал дешет. Мисалы, Мамлекеттик эрмитаждын Чыгыш бөлүмүнүн илимий кызматкери Асан Торгоев бул гипотеза археологиялык изилдөөлөргө муктаж деп эсептейт.
"Ачылган кыштактардын бир бөлүгү темир өндүрүүгө, дегеле металлургияга адистешкендиги шексиз. Тарыхчылардын маалыматтары менен кыштактардын болжолдуу окшоштуктары кызык, орто кылымдык жазуулар боюнча адистердин көңүл буруусуна арзыйт", — деп жазылат Торгоевдин Башировдун ишине жазылган рецензиясында.
КР Илимдер академиясынын Тарых жана маданий эстеликтер институтунун археология секторунун башчысы Кадича Ташбаева да ал жакта качандыр бир кезде шаар болгону айныгыс экендигин айтат.
"Кесиптешим менен биргеликте материалдарды карап чыгып, Селат шаары чындап эле болгон деген тыянакка келдик. Материал абдан кызык, себеби Жалал-Абад облусу археологдордун көз жаздымында калган. Бирок орто кылымдык шаарды картага түшүрүү — көп эмгекти, ар тармактардан билимди талап кылчу иш", — деп белгиледи ал.
Ташбаеванын айтымында, Кыргызстанда бул өңдүү тарыхтын актай калган барактары арбын. Андай табышмактарды жандырууга каражат зарыл. Ал эми буга мамлекеттин азыркы тапта чама-чаркы чакталуу.
Автор
Асель Минбаева

Жетекчи
Эрнис Алымбаев

Фото
Эмиль Садыров

Дизайнер

Даниил Сулайманов