Уулумдун сөөгүнө тийсең, өлтүрөм! Бишкекте динден улам өлүк союу азайып барат
Уулумдун сөөгүнө тийсең, өлтүрөм! Бишкекте динден улам өлүк союу азайып барат
Эскертүү! Бул макала балдар, кош бойлуулар, жүрөгү алсыз адамдарга ылайык эмес
Өлүккананын тушундагы иш бөлмөдөн 25тер чамасындагы жигиттин ыйы угулуп турду: бир нече саат мурун анын тун уулу чарчап калды. Ымыркай болгону 10 күн жарыкты көргөн, ушул таңда анын дарт чалган жүрөгү согушун токтоткон. Жаш ата дарыгер менен 15 мүнөттөн бери урушуп жатты.

— Уулумдун сөөгүн мага бергиле! Шарият боюнча аны союуга болбойт! Бергиле!

— Түшүнсөңүз, сиздин тун уулуңуздун жүрөк кемтигинин мындай оор түрүнүн себебин аныкташыбыз керек. Бала эмнеден чарчаганын сиз генетикке түшүндүрө да албайсыз, сизге бул маалыматсыз көмөк көрсөтүү мүмкүн эмес! Мындай каргаша кайра кайталанышын каалабайсыз да, чынбы?

— Ал сиздин ишиңиз эмес! Баламдын сөөгүн бергиле! Акыңар жок!

— Чүрпөңүздүн өлүм себебин билгиңиз келбейби? Бул мага эмес, сиздерге зарыл! Ашып кетсе, жарым саатта эле бүтөт бул...

— Каалабайм, шарият буга жол бербейт!

— Мен сөөктү жиликтебейм, болгону ачып карап, өлүм себебин аныктайм. Алгачкы кош бойлуулуктун мындай кемтик менен аралаш өрчүшү чанда кездешет!..

— Уулумдун денесин бер!

Атанын оюнан кайтпастыгы билинген соң сөз бүттү. Республикалык патологиялык анатомия бюросунун дарыгери Олеся Рабинчук да перзентин жоготкон атага аргасыз баш ийди. Өзү мындай көрүнүш көп эле кездешерин айтат.
Олеся Рабинчук
Республикалык патологиялык анатомия бюросунун дарыгери
"Бир киши бар эле. Анын аялы жети жолу катары менен ара төрөдү, бирөө да жашап кеткен эмес. Дарыгерлер мунун себебин так аныктай алышкан жок... Чарчаган ымыркайлардын денесин союуга атасы тыюу салчу. Акыркы ирет аны көргөндө: "Уруксат бериңиз, соелу, жубайыңызды аясаңыз боло!" деп ага аябай жалбардым. Дин жол бербестигин айтып, көгөрүп көнбөй койду. Бул дегеле акылыма сыйбайт", — деп эскерет доктур.
Баарынан да наристенин же жаш адамдын сөөгүн союуга жакындарын көндүрүү кыйын. Патологиялык анатомдун столуна улгайган же үй-жайсыздар көп түшөт. Киши колдуу болуп же маселен, жол кырсыгынан каза тапкандарды соттук-медициналык эксперттер карайт. Андай шартта жакындарынын уруксаты жок эле сөөк сөзсүз түрдө союлат.

Ал эми ооруканада көз жумгандар Республикалык патологиялык анатомия жайына түшөт, мында туугандарынын пикири эске алынууга тийиш.

Жыл башынан бери өлүкканага Бишкектин ар бурчунан 1 544 адамдын сөөгүн алып келишкен. Бирок алардын жетөөсүнүн бирин гана союуга туугандары макулдук берет.
15%дан азы гана!

Жыл башынан бери Бишкекте маркумдардын 15%дан азы гана союлуп иликтенген
"Каза тапкан адамдын туугандары моргдун каттоо жайына таңкы сегизден тарта топтолушат. Бизди жумушка келерибиз менен эле сөөктү союп башташат деп чочулашат окшойт. Мурда ошондой эле болчу. Менин милдетим – ошол. Бирок бара-бара ызы-чуу көбөйүп, арткы эшиктен качып чыккан учурлар да кездешет. Доктурларды коркутуп-үркүтө башташты", — дейт Олеся Сергеевна.
Башка дарыгерлер да анын сөздөрүн тастыкташат: өз дарегине карата коркутууну ар бир патологоанатом уккан. Ошондуктан азыр алар маркумдун туугандары менен сүйлөшүп, макулдугун алмайынча сөөккө кол да тийгизишпейт.
"Баары динге шылташат. Христиандар менен бул жагы жеңил: алардан сөөктү союуга тыюу салган сапты Библиядан көрсөтүп берүүлөрүн өтүнөм. Ал эми мусулмандарды көндүрүш мен үчүн кыйын ", — деп ойлонот Рабинчук.
Өлүкканага бет алдык. Ал жакта сөөк союуга атайын жабдылган эки бөлмө жана төрт стол бар. Зарылдыктын жоктугунан жарымы көп жылдан бери колдонулбай деле калган.
Качандыр бир кезде борбор калаадагы ар бир патологоанатом жылына 100 сөөк сойчу, азыр бир врачтын колунан 30 гана сөөк өтөт. Кырдаалды 2005-жылы кабыл алынган "Жарандардын саламаттыгын коргоо жөнүндөгү" мыйзамдын 43-беренеси өзгөрткөн.

Ага ылайык, маркумдун өлүм себеби анык болсо, денесинде киши колдуу болуу ыктымалдыгын көрсөткөн белги көрүнбөсө, сөөктү союу туугандарынын каалоосу менен гана жүрөт. Мындай карасаң, туура эле нерсе, чынбы?

Бирок иш жүзүндө баары андай тегиз эмес. Республикалык патологиялык анатомия бюросунун башчысы Валентина Пахман бардык эле учурда адамдын киши колдуу болгону дененин сыртынан байкала бербейт.
Валентина Пахман
Республикалык патологиялык анатомия бюросунун башчысы
"Кээде киши колдуу өлүм белгилерин сөөктү союуда гана аныктайбыз. Маселен, кабыргалардын сынышы, бөйрөктүн айланасына кан уюп калышы, көк боор же башка органдардын жарылып кетиши өңдүү көрүнүштөрдү сырттан карап так айтууга мүмкүн эмес. Адамдын ууланганын сезсек да аныгы сөөк союлганда гана аныкталат", — деп түшүндүрөт башкы патологоанатом.
Бирок бул да эң башкы көйгөй эмес Пахмандын пикиринде, азыр врачтардын бардык койгон диагноздору ачык болуп, эч бир дарыгер өз ишинен шектенбейт, бул сөөктү союудан баш тартуунун эң башкы шарты. Алардын ишин эч ким кайра текшерип чыкпайт, маркумдун туугандары да заматта өз укуктарын биле калат да, сөөктү союуга уруксат беришпейт.
"Албетте, карапайым калктын көпчүлүгү андай мыйзам бар экенин деле билбейт. Аларга мыйзамды ким айтып берери да белгисиз. Биз, патологоанатомдор, аларга мыйзамдан кеп салбайбыз. Адамдар бул амалдан баш тартуу боюнча укуктарын билип алып келишет, ал эми врачтарга мындайда өз ишин токтоткондон башка арга калбайт", — деди доктур.
Патологоанатомдор алардын ишинин маңызы жетик болбой жатканына капа. Маркумдун денеси туугандарынын көңүлүн тынчтандырып же жаман врачтарды жазалоо үчүн союлбайт. Өлүмдүн анык себебин билүү медицинанын өзү үчүн маанилүү.

Катачылыктар — бүт дүйнөдөгү дарыгерлердин ишинин ажырагыс бөлүгү. Атүгүл, совет маалында деле туура эмес коюлган диагноздордун 20 пайызы кадыресе көрүнүш деп эсептелген.

Саламаттык сактоо министрлигинин буйруктарына ылайык, сөөктү союуда өз эмгегинин жыйынтыгын көрүп, дарылоо стратегиясы канчалык туура же натуура болгонун түшүнүү үчүн дарылаган врач да катышууга тийиш болгон. Ал убакта ар бир сөөк союлган, олуттуу системалык көйгөйлөр текшерилген.

Валентина Пахман эскергендей, дал ушул патологоанатомдордун кылдат ишинин аркасында көп ымыркайлардын өмүрү сакталган. Шаардык бир эле ооруканадан бир нече ымыркайдын денеси моюн омурткаларынын бирдей жаракаты менен түшкөндө врачтар коңгуроо кагып калышты. Көрсө, жаңы акушер төрөт маалында туура эмес экенин өзү да аңдабай өлүмгө алып келген бир катаны кайта-кайта кетирген.
"Башка дагы бир учур: оорукананын бир бөлүмүнөн миокард инфарктынан каза болгондорду көп алып келе башташат. Бешинчи сөөктү сойгондон кийин врачтардан: "Силердин бөлүмдө бир эле анестезиолог иштейби?" деп сурадым. Алар таңдана кайдан билеримди сурашты. Операция маалында наркоз жетишерлик берилбей, бейтаптар ооруну сезгендерин болжодум. Коронардык тамырлардын тартылышы, өзгөчө улгайган адамдардыкы инфарктка алып келет. Ошол сөздөн кийин аталган бөлүмдөн бизге ал оорудан каза тапкандар түшпөй калды", — деп эстеди Пахман.
Дарыгерлер маркумдардын жакындарына сөөктүн союлушунан баш тартуу жалпы саламаттыкты сактоо тармагына зыян алып келерин, келечекте да өлүмгө себеп болорун айтып түшүндүрүшөт. Ар бирине: "Эгер мурда патологиялык анатомдорго мындай учурларда өлүмдүн анык себебин билүүгө мүмкүнчүлүк беришсе, балким, алардын жакындары аман калышмак. Башка адамдардын сиздердин жоготууңуздарга кыйыр тиешеси бар, а сиздер дагы башка өлүмдөргө жооп тартасыздар" – деп кесе да айтышат.
"Маркумдун сөөгү баары бир көмүлөт, мындан кача албайбыз. Аны жерге берерден мурда врачтарга, медицинага, тирүүлөргө жардам берүүгө эмнеге болбосун?! Антип айткандан кийин түшүнгөнсүшөт, бирок кайра: "Кийинкилер медицинага салымын кошсун, биздикин бергиле!" деп жалбарышат. Баары тегиз ушинтип айтышат. 12 жыл ичинде үчөөнү гана көндүрө алдым! Бирок баары бир алар менен сүйлөшүп, макулдатууга аракет кылууну улантам… Иштин көзүн билбеген дарыгер медицинабызга кандай доо кетиргенин түшүнүп-билсин дейм" деген ойду карманат Пахман.
Анын айтымында, мурда ар бир жаңылыш диагноз коюлганда конференция уюштурулуп, ага оорукана толугу менен катышчу. Кесипкөйлөр талашып-тартышып, өз дарылоо ыкмаларын сунуштап, ал эми жаш дарыгерлер билимин тынымсыз өркүндөтүшчү. Көп ката кетирген врачты кесиптештери жана жетекчилиги дароо "белгилеп алышчу". Система тыкыр иштегендиктен, андайлардын бул тармакта ишин улантышы чанда кездешер эле.
Ислам дини сөөктү союуга жол береби?
Менменсинген дин таануучулардын да пикири бул боюнча эки ача. Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы мындай жолго аргасыз шарттарда гана баруу керек деп эсептейт.
"Дин тыюу салат. Менимче, буга аргасыз учурда жана маркумдун жакындарына так маалымат зарыл болгон учурда гана жол берилет", — деди адис.
Бирок "Дин, укук жана саясат" көз карандысыз аналитикалык борборунун директору, теолог Кадыр Маликов шариятта буга түздөн-түз тыюу салуу жок экенин белгилейт.
"Андай болгон шартта ислам өлкөлөрүндө хирургия дегеле болмок эмес да. Белгилүү Абу Али ибн Сина врачтык илимдин негизги мыйзамдарын дал ушул сөөк союунун натыйжасында жазып калтырган. Эгер коомго пайда алып келүү ниетинде жасала турган болсо, эч кандай каршылык жок. Исламда дене — бул Алла берген тамыр. Ага урмат менен мамиле кылуу керек, а рух бул баары бир түбөлүк", — деп чечмелеп берди Маликов.
Салттуу билим боюнча серепчи Чынара Сейдахматованын пикиринде, врачтардын сөөк союусу кыргыз элинин салтына эч кандай каршы келбейт.
"Бизде дайым денеге салкын мамиле жасалган. Маркумдун сөөгүн өрттөгөн маалды да баштан кечирдик. Кайсы бир доордо биздин салттарыбыз тибеттиктердикине да окшоп кеткен, агезде сөөктү булчуңдардан ажыратып, ар кайсы жерге көмүшкөн. Сөөк эттен канчалык тез ажыраса, жаны ошончолук бат жай алат деп санашкан", — деди серепчи.
Кыргыздардын салт-санаасын изилдеген "Бакдөөлөт" фондусунун жетекчиси Мелис Мураталиев дагы бир салт боюнча айтып берди. Көрсө, мурда согуш майданында атагы чыккан жоокер каза болсо, мекенине алып келип көмүү үчүн сөөгүн этинен ажыратышчу экен.
"Ошондо "сөөк жашырат" деген да түшүнүк чыккан экен. Маркумдун денесинин союлушу кыргыз салттарына жат деп ойлобойм. Эгер ал замандын талабы болсо, анда биз илим жана медицинадан баш тартпашыбыз керек", — деген пикирин билдирет Мураталиев.
…Таңкы саат сегиз. Өлүккананын тушундагы каттоочу жайдын алдында кайрадан топтолгон кишилер. Каза тапкан жакынынын денесин патологиялык анатомдун скальпели кескилейт деп чочулаган адамдар атайын таң эрте келишет.
Автор
Асель Минбаева

Жетекчи
Эрнис Алымбаев

Фото
Табылды Кадырбеков

Дизайнер
Даниил Сулайманов

Программист
Михаил Дудин