ТЕМИР КАНАТ
ТОП-15
Килем үстүнөн жолугабыз!
Учурдун болуп-толуп турган балбандары ким?
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин "Темир канат" долбоору маданиятка жана спорт тармагына салымын кошуп, өлкөнүн атын алыска таанытып жаткан жаштарды элге таанытууга арналган.

Бул жолу билеги менен дүйнөнү дүңгүрөтүп жаткан жаш балбандарды тааныштырабыз. Арасында алыш, грек-рим, эркин жана кыз-келиндер арасындагы күрөштүн өкүлдөрү бар.
Айсулуу Тыныбекова
Туулган жылы, күнү — 1993-жыл, 4-май
Туулган жери — Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаары, үч жашынан Кочкор районунун Тендик айылында чоңойгон
Спорттун кайсыл түрүн аркалайт — кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш
Бою — 170 сантиметр
Салмагы — 58 килограмм
Машыктыруучусу — КРдин Эмгек сиңирген машыктыруучусу Нурбек Изабеков
Билими — Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин экономика багыты боюнча билим алган
Үй-бүлөсү тууралуу — атасы Болот Тыныбеков менен апасы Гүлпар Тыныбекова — медицина кызматкерлери. Беш бир туугандын төртүнчүсү.
Үй-бүлөлүк абалы — турмушка чыга элек
Хобби — ыр жазуу
Жетишкендиктери:
— Кыз-келиндер арасында өткөн Кыргызстандын чемпионатынын бир нече жолку жеңүүчүсү
— 2010-жылы Бангкокто өткөн Азия чемпионатында коло медаль
— 2012-жылы Алматыда өткөн лицензиялык турнирде күмүш медаль
— 2013-жылы Таиландда өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль
— 2013-жылы Болгарияда өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль
— 2013-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында коло медаль
— 2013-жылы Казань шаарында өткөн дүйнөлүк универсиадада коло медаль
— 2014-жылы Астанада өткөн Азия чемпионатында күмүш медаль
— 2014-жылы Кытайда өткөн Азия оюндарында коло медаль
— 2015-жылы Катар мамлекетинин Доха шаарында өткөн Азия чемпионатында күмүш медаль
— 2016-жылы Бангкокто өткөн Азия Чемпионатында алтын медаль
— 2017-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль
— 2017-жылы Ислам тилектештин оюндарында алтын медаль
— 2017-жылы Францияда өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль
— 2017-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль
— 2017-жылы Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында күмүш медаль
КРдин эмгек сиңирген спортчусу, "Данк" медалынын ээси.
Айпери Медет кызы
Туулган жылы, күнү — 1999-жыл, 3-март
Туулган жери — Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Оро айылы
Спорттун кайсыл түрүн аркалайт — кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш
Бою — 175 сантиметр
Салмагы — 75 килограмм
Машыктыруучусу — КРдин эмгек сиңирген спортчусу Айсулуу Тыныбекова
Билими — Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин графикалык-дизайн факультетинде окуйт
Үй-бүлөсү тууралуу маалымат — Атасы Медет Мамырбаев 1966-жылы туулган, дыйкан чарбасы менен алектенет. Апасы Салтанат Осмонова 1970-жылы туулган, орус тил мугалими. Беш бир туугандын үчүнчүсү.
Үй-бүлөлүк абалы — турмушка чыга элек
Хобби — китеп окуу, музыка угуу
Жетишкендиктери:
— 2015-жылы Индияда өткөн Азия чемпионтатында күмүш медаль
— 2016-жылы Тайбэйде өткөн Азия чемпионатында алтын медаль
— 2017-жылы Грузияда өткөн дүйнө чемпионатында күмүш медаль
— 2017-жылы Финляндияда өткөн дүйнө чемпионатында алтын медаль
— 2017-жылы Азербайжанда өткөн ислам оюндарында коло медаль
— 2017-жылы Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында коло медаль
Эркин күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери.
Мээрим Жуманазарова
Туулган жылы, күнү — 1999-жыл, 9-ноябрь
Туулган жери — Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Оро айылы
Спорттун кайсыл түрүн аркалайт — кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш
Бою — 168 сантиметр
Салмагы — 68 килограмм
Машыктыруучусу — КРдин эмгек сиңирген спортчусу Айсулуу Тыныбекова
Билими — Кыргызстан Эл аралык университетинин колледжин аяктаган, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын машыктыруучулук факультетинин 1-курсунун студенти.
Үй-бүлөсү тууралуу маалымат — Атасы Рахмадилде Жуманазаров 1955-жылы туулган, эркин күрөш боюнча машыктыруучу. Апасы Айнура Чолпонкулова 1971-жылы туулган, кесиби фельдшер-лаборант. Сегиз бир туугандын төртүнчүсү.
Үй-бүлөлүк абалы — турмушка чыга элек
Хобби — китеп окуу
Жетишкендиктери:
— 2014-жылы Бангкокто өткөн Азия чемпионатында коло медаль
— 2015-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында коло медаль
— 2016-жылы Грузияда өткөн дүйнө биринчилигинде коло медаль
— 2017-жылы Бангкокто өткөн Азия чемпионатында алтын медаль
— 2017-жылы Финляндияда өткөн дүйнө чемпионатында коло медаль
— 2017-жылы Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында коло медаль
Бактыяр кызы Нурзат
Туулган жылы, күнү — 1994-жыл, 8-июнь
Туулган жери — Ош облусундагы Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Жаңгакты айылы
Спорттун кайсыл түрүн аркалайт — алыш күрөшү
Бою — 175 сантиметр
Салмагы — 65 килограмм
Машыктыруучусу — КРдин Эмгек сиңирген машыктыруучусу Жээнбек Акыев
Билими — Эргеш Алиев атындагы ИИМдин Академиясынын укук коргоо бөлүмүн аяктаган
Үй-бүлөсү тууралуу маалымат — Атасы Бактыяр Молдомаматов 1956-жылы, апасы Малика Таныкулова 1959-жылы туулган. Ата-энеси дыйканчылык менен алектенген, учурда пенсияда. Нурзат — 10 бир туугандын сегизинчиси.
Үй-бүлөлүк абалы — турмушка чыга элек
Хобби — ыр жазуу
Жетишкендиктери:
— Алыш күрөшү боюнча КРдин 7 жолку чемпиону
— Кол таймашы боюнча республикалык мелдеште экинчи орун
— II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда алыш күрөшү боюнча күмүш медаль
— 2017-жылы Түкмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында бел боо күрөшүнөн коло, алыш күрөшүнөн алтын медаль тагынган
Алыш күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. Кол таймашы боюнча спорт чебери.
Мамарасул кызы Алтынай
Туулган жылы, күнү — 1998-жыл, 20-июнь
Туулган жери — Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Тоготой айылы
Спорттун кайсыл түрүн аркалайт — алыш күрөшү
Бою — 170 сантиметр
Салмагы — 72 килограмм
Машыктыруучусу — КРдин Эмгек сиңирген машыктыруучулары Кабыл Бөрүбаев, Мухаммед Абидов
Билими — Ош мамлекеттик университетиндеги дене тарбия факультетинин 2-курсунун студенти
Үй-бүлөсү тууралуу — атасы Мамарасул Эргешбаев 1959-жылы төрөлгөн, көк бөрү боюнча спорт чебери, дыйкан чарбачылыгы менен алектенет. Апасы Дөөлаткан Каипова 1967-жылы туулган, мектепте башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенет. Алтынай — беш бир туугандын кенжеси.
Үй-бүлөлүк абалы — турмушка чыга элек
Хобби — бош убактысын ашканада тамак жасоо менен өткөрөт
Жетишкендиктери:
— Эркин күрөш боюнча КРдин 3 жолку чемпиону
— 2014-жылы Москвада өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык турнирдин жеңүүчүсү
— 2015-жылы эркин күрөш боюнча Раатбек Санатбаев атындагы эл аралык турнирдин жеңүүчүсү
— 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда алыш күрөшү боюнча күмүш медаль
— 2016-жылы Белоруссиянын Минск шаарында өткөн алыш күрөшү боюнча дүйнөлүк кубоктун жеңүүчүсү
— 2017-жылы алыш күрөшү боюнча Бишкек шаарында өткөн эл аралык Гран-При турнирдин, ошол эле жылы Баяман Эркинбаевдин 50 жылдыгына арналган турнирдин жеңүүчүсү.
— 2017-жылы алыш күрөшү боюнча Манас оюндарында күмүш медаль
— 2017-жылы Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн оюндарда алыш күрөшү боюнча алтын, бел боо күрөшү боюнча күмүш медаль
Эркин күрөш боюнча спорт чебери, алыш күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери.
Мээрим Момунова
Туулган жылы, күнү — 1990-жыл, 22-январь
Туулган жери — Чүй Облусундагы Аламүдүн районунун Арчалы айылы
Спорттун кайсыл түрүн аркалайт — алыш, бел-боо күрөшү
Бою — 165 сантиметр
Салмагы — 60 килограмм
Машыктыруучусу — КРдин Эмгек сиңирген машыктыруучусу Кабыл Бөрүбаев
Билими — Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын спорт жана дене тарбия адиси, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин экономика факультетин аяктаган.
Үй-бүлөсү тууралуу — атасы Калыбек Момунов 1959-жылы туулган, маршруттук унаа айдап иштейт. Апасы Салима Жолдошова 1968-жылы туулган, флорист болуп эмгектенет. Мээрим — үч бир туугандын экинчиси.
Үй-бүлөлүк абалы — турмушка чыга элек
Хобби — китеп окуу
Жетишкендиктери:
— Алыш күрөшү боюнча КРдин үч жолку чемпиону
— 2015-жылы Ирандын Тегеран шаарында өткөн Азия чемпионатында алтын медаль
— 2015-жылы Баяман Эркинбаев атындагы алыш боюнча мелдеште күмүш, 2016-2017-жылдары ошол эле мелдеште алтын медаль тагынган
— II Көчмөндөр оюнунда алыш күрөшү боюнча биринчиликте коло медаль
— 2017-жылы Ош шаарында өткөн алыш боюнча Курманжан Датка атындагы Гран-при турниринде алтын медаль
— 2017-жылы Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында алыш боюнча алтын, бел боо күрөшү боюнча күмүш медаль
Алыш күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, машыктыруучу. Дзюдо боюнча спорт чебери.
Мийзамидин кызы Мээрим
Туулган жылы, күнү — 1994-жыл, 5-сентябрь
Туулган жери — Ош облусундагы Кара-Суу району
Спорттун кайсыл түрүн аркалайт — алыш күрөшү
Бою — 155 сантиметр
Салмагы — 59 килограмм
Машыктыруучусу — КРдин Эмгек сиңирген машыктыруучусу Кабыл Бөрүбаев, Мухаммед Абидов
Билими — Ош технологиялык университетинин курулуш факультетин аяктаган
Үй-бүлөсү тууралуу — атасы Мийзамидин Ураимов 1962-жылы туулган, куруучу болуп эмгектенет. Апасы Гүлсүн Ураимова 1962-жылы туулган, орус тил мугалими. Беш бир туугандын кенжеси.
Үй-бүлөлүк абалы — турмушка чыга элек
Хобби — музыка угуу
Жетишкендиктери:
— 2012-2013-жылдары эркин күрөш боюнча КРдин чемпионатында эки жолу коло медаль
— 2014-жылы республикалык Спартакиада эркин жана алыш күрөшү боюнча биринчи орун
— II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда алыш күрөшү коло медаль
— 2017-жылы Ашхабадда өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында бел боо күрөшү боюнча 2-орун
Алыш күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. Эркин күрөш боюнча спорт чебери.
Каныбек Жолчубеков
Туулган жылы, күнү — 1989-жыл, 8-октябрь
Туулган жери — Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылы
Спорттун кайсыл түрүн аркалайт — грек-рим күрөшү
Бою — 164 сантиметр
Салмагы — 65 килограмм
Машыктыруучусу — КРдин Эмгек сиңирген машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов
Билими — Кыргыз мамлекеттик транспорт, курулуш жана архитектура университетинин ОПУТ бөлүмүн бүтүргөн. Учурда Юридикалык академиянын адвокатура жана юстиция факультетинин 4-курсунун студенти.
Үй-бүлөсү тууралуу — Атасы Байбек Жолчубеков 1962-жылы туулган, дыйканчылык менен алектенет. Апасы Айнура Жолчубаева 1969-жылы туулган, үй кожойкеси. Алты бир туугандын экинчиси.
Үй-бүлөлүк абалы — эки уулдун атасы
Хобби — тоого чыгуу
Жетишкендиктери:
— Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону
— 2008-жылы Стамбулда күрөш боюнча жаштар арасында өткөн дүйнөлүк чемпионатта алтын медаль
— 2008-жылы Доха шаарында өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль
— 2009-жылы күрөш боюнча Анкарада өткөн жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта коло медаль
— 2010-жылы Кытайда өткөн 16-Азия оюндарында күмүш медаль
— 2010-жылы Индияда өткөн чоңдор арасындагы Азия чемпионатында коло медаль
— 2012-жылы Түштүк Кореяда өткөн Азия чемпионатында коло медаль
— 2013-жылы Казакстандын президентинин эл аралык III турниринин кубогун уткан
— 2013-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында коло медаль
— 2013-жылы грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионатында алтын медаль
— 2014-2016-жылы студенттер арасында өткөн дүйнө биринчилигинде алтын медаль
— 2014-жылы Астанада өткөн Азия чемпионатында коло медаль
— 2016-жылы Таиландда өткөн чоңдор арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль
— 2017-жылы Бакуда өткөн IV Ислам тилектештик оюндарында алтын медаль
Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери
Атабек Азизбеков
Туулган жылы, күнү — 1995-жыл, 15-июль
Туулган жери — Талас облусундагы Талас районунун Арал айылы
Спорттун кайсыл түрүн аркалайт — грек-рим күрөшү
Бою — 178 сантиметр
Салмагы — 80 килограмм
Машыктыруучусу — КРдин Эмгек сиңирген машыктыруучусу Жусуп Калилов
Билими — Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин экономика факультетин аяктаган
Үй-бүлөсү тууралуу — атасы Азизбек Көчөрбаев 1969-жылы туулган, дыйкан чарбачылыгы менен алектенет. Апасы Жылдыз Курманалиева 1969-жылы туулган, башталгыч класстын мугалими. Төрт бир туугандын улуусу.
Үй-бүлөлүк абалы — бойдок
Хобби — китеп окуу
Жетишкендиктери:
— Грек-рим күрөшү боюнча КРдин үч жолку чемпиону
— 2011-жылы Таиланнда өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль
— 2011-жылы Москвада өткөн эл аралык турнирде алтын медаль
— 2012-жылы Кыргызстанда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль
— 2013-жылы жаштар арасында өткөн Кыргызстан чемпионатында алтын медаль
— 2014-жылы Азербайжанда өткөн жаштар арасындагы дүйнө биринчилигинде коло медаль
— 2014-жылы Казакстанда өткөн эл аралык турнирде алтын медаль
— 2015-жылы чоңдор арасында өткөн Кыргызстан чемпионатында алтын медаль
— 2015-жылы Катар мамлекетинде өткөн чоңдор арасындагы Азия чемпионатында күмүш медаль
— 2016-жылы Астанада өткөн Азия чемпионатынын лицензиялык оюнунда коло медаль
— 2017-жылы Ашхабадда өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында күмүш медаль
Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери
Калы Сулайманов
Туулган жылы, күнү — 1996-жыл, 20-февраль
Туулган жери — Жалал-Абад облусундагы Көк-Арт өрөөнү
Спорттун кайсыл түрүн аркалайт — грек-рим күрөшү
Бою — 167 сантиметр
Салмагы — 66 килограмм
Машыктыруучусу — КРдин Эмгек сиңирген машыктыруучусу Алтынбек Салаев
Билими — Жалал-Абад мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинде 3-курста окуйт
Үй-бүлөсү тууралуу — Атасы Султан Токтогулов 1960-жылы, апасы Шайыргүл Шабдалиева 1964-жылы туулган. Жети бир туугандын бешинчиси.
Үй-бүлөлүк абалы — бойдок
Хобби — футбол ойноо, сууда сүзүү
Жетишкендиктери:
— 2012-жылы Казакстанда өткөн жаштар арасындагы эл аралык турнирде коло медаль
— 2012-жылы Москвада өткөн эл аралык турнирде күмүш медаль
— 2014-жылы Азербайжанда жана Түркияда өткөн Гран-при турниринде эки коло медаль
— 2015-жылы Кыргызстан чемпионатында коло медаль
— 2016-жылы Кыргызстан чемпионатында күмүш медаль
— 2016-жылы Азербайжанда өткөн Гран-при турниринде күмүш медаль
— 2016-жылы Францияда өткөн дүйнө биринчилигинде алтын медаль
— 2017-жылы Түркия мамлекетинде өткөн эл аралык турнирде алтын медаль
— 2017-жылы Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында алтын медаль
Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери
Акжол Махмудов
Туулган жылы, күнү — 1999-жыл, 15-апрель
Туулган жери — Ош облусунун Араван району
Спорттун кайсыл түрүн аркалайт — грек-рим күрөшү
Бою — 175 сантиметр
Салмагы — 75 килограмм
Машыктыруучусу — КРдин Эмгек сиңирген машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов
Билими — Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын адвокатура жана юстиция факультетинин 2-курсунда билим алат
Үй-бүлөсү тууралуу маалымат — Атасы Мухаммед Махмудов 1971-жылы туулган, базарда соода кылат. Акжол — беш бир туугандын үчүнчүсү.
Үй-бүлөлүк абалы — бойдок
Хобби — бильярд ойноо
Жетишкендиктери:
— 2015-жылы Индияда өткөн кадеттер арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль
— 2016-жылы Тайбэйде өткөн кадеттер арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль
— 2016-жылы Грузияда өткөн кадеттер арасындагы дүйнө биринчилигинде алтын медаль
— 2016-жылы Москвада өткөн Борис Гуревич атындагы кадеттер арасындагы турнирде алтын медаль
— 2017-жылы Тайбэйде өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль
— 2017-жылы Финляндияда өткөн дүйнө биринчилигинде күмүш медаль
Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери
Жоламан Шаршенбеков
Туулган жылы, күнү — 1999-жыл, 29-сентябрь
Туулган жери — Талас облусундагы Манас районуна караштуу Баласаруу айылы
Спорттун кайсыл түрүн аркалайт — грек-рим күрөшү
Бою — 161 сантиметр
Салмагы — 60 килограмм
Машыктыруучусу — КРдин Эмгек сиңирген машыктыруучусу Хаким Махмудов
Билими — Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын машыктыруучулук факультетинин 1-курсунун студенти
Үй-бүлөсү тууралуу маалымат — Атасы Назарбек Рысалиев 1972-жылы туулган, жеке ишкер. Апасы Гүлнара Жуманалиева 1974-жылы туулган, №5 компьютердик гимназияда математика мугалими болуп эмгектенет. Беш бир туугандын үчүнчүсү.
Үй-бүлөлүк абалы — бойдок
Хобби — футбол ойноо
Жетишкендиктери:
— Грек-рим күрөшү боюнча КРдин үч жолку чемпиону
— 2015-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль
— 2016-жылы Кытайдын Тайбэй шаарында өткөн Азия чемпионатында коло медаль
— 2016-жылы Грузияда өткөн дүйнө биринчилигинде коло медаль
— 2017-жылы Азия чемпионатында күмүш медаль
— 2017-жылы Финляндиядагы дүйнө биринчилигинде күмүш медаль
Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери
Эламан Догдурбек уулу
Туулган жылы, күнү — 1993-жыл, 11-ноябрь
Туулган жери — Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Таш-Кудук айылы
Спорттун кайсыл түрүн аркалайт — эркин күрөш
Бою — 170 сантиметр
Салмагы — 74 килограмм
Машыктыруучулары — КРдин Эмгек сиңирген машыктыруучулары, ата-бала Шарбек Бекболиев, Айбек Бекболиевдер
Билими — Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин технолог багыты боюнча аяктаган
Үй-бүлөсү тууралуу — Атасы Догдурбек Исмаилов 1953-жылы, апасы Кундузкан Токтосунова 1962-жылы туулган. Эламан — беш бир туугандын үчүнчүсү.
Үй-бүлөлүк абалы — бойдок
Хобби — балык уулоо
Жетишкендиктери:
— Эркин күрөш боюнча КРдин үч жолку чемпиону
— 2014-жылы Кореянын Инчхон шаарында өткөн Азия оюндарында коло медаль
— 2015-жылы Катардын Доха шаарында өткөн Азия чемпионатында күмүш медаль
— 2016-жылы Түркияда өткөн студенттер арасындагы дүйнө биринчилигинде коло медаль
— 2016-жылы Венгриянын Будапешт шаарында өткөн чондор арасындагы дүйнө биринчилигинде коло медаль
Эркин күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери
Эсенбек Кудайбердиев
Туулган жылы, күнү — 1994-жыл, 10-май
Туулган жери — Баткен облусундагы Лейлек районунун Кара-Булак айылы
Спорттун кайсыл түрүн аркалайт — алыш күрөшү
Бою — 177 сантиметр
Салмагы — 80 килограмм
Машыктыруучусу — КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Калжигит Рахматжанов
Билими — Чүй университетинин юриспруденция факультетин аяктаган
Үй-бүлөсү тууралуу — Атасы Кудайберди Досбеков 1968-жылы, Разия Досбекова 1972-жылы туулган. Үй-бүлөсү ишкерлик менен алектенет. Үч бир туугандын экинчиси.
Үй-бүлөлүк абалы — бойдок
Хобби — ат минүү
Жетишкендиктери:
— Кыргыз улуттук классикалык күрөшүнүн 8 жолку жеңүүчүсү
— Алыш күрөшү боюнча Абсамат Масалиев атындагы эл аралык турнирдин үч жолку жеңүүчүсү
— Алыш күрөшү боюнча КРдин төрт жолку чемпиону
— 2012-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпионатында алыш күрөшү боюнча алтын медаль
— 2014-жылы I Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда казак күрөшү боюнча коло медаль
— 2015-жылы Оренбург шаарында өткөн дүйнөлүк кубокто түркмөн күрөшүнөн коло медаль
— 2015-жылы Ирандын Тегеран шаарында өткөн Азия чемпионатында коло медаль
— 2017-жылы Баяман Эркинбаев атындагы Гран-при турниринде күмүш медаль
— 2016-жылы Индонезияда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль
— II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда алыш күрөшү боюнча коло медаль
— 2017-жылы Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында түркмөн күрөшүнөн күмүш, алыш күрөшүнөн алтын медаль алган.
Алыш күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери.
Алибек Осмонов
Туулган жылы, күнү — 1996-жыл, 7-ноябрь
Туулган жери — Нарын шаары
Спорттун кайсыл түрүн аркалайт — эркин күрөш
Бою — 173 сантиметр
Салмагы — 67 килограмм
Машыктыруучусу — КРдин Эмгек сиңирген машыктыруучусу Руслан Мажинов
Билими — Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын машыктыруучулук бөлүмүндө окуйт
Үй-бүлөсү тууралуу — Атасы Курманбек Адычуев 1964-жылы төрөлгөн. Эки бир туугандын кичүүсү.
Үй-бүлөлүк абалы — бойдок
Хобби — футбол ойноо
Жетишкендиктери:
— Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын 4 жолку чемпиону
— 2015-жылы Мьянмада өткөн жаштар арасындагы Азия оюндарында коло медаль
— 2016-жылы эл аралык Каба уулу Кожомкул атындагы турнирде алтын медаль
— 2017-жылы Азербайжандын Баку шаарында өткөн ислам шериктештер оюнунда күмүш медаль
— 2017-жылы Индияда өткөн Азия чемпионатында 5-орун
Эркин күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери
Автор
Гүлдана Талантбекова

Фото
Табылды Кадырбеков, Уулкан Эргешова, Азамат Тотубаев, Кыргыз республикасынын өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы

Видео
Эмиль Садыров

Дизайнер
Даниил Сулайманов